“Бүткүл дүйнөлүк банк ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу Кыргызстанга коррупция менен күрөшүү багытындагы реформаларды алдыга жылдырууга колдоо көрсөтөт”,- деди Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Алекс Кремер. Бул сөз бүгүн, 9-июнда өткөн "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду” эл аралык конференцияда айтылды.
“Өлкөдөгү саясий туруктуулук калк турмушунун жакшыруусунун негизи болуп саналат. Бизнести өнүктүрүүгө таасир этүүчү негизги факторлор - мамлекеттик органдардын ачык-айкындуулугу, коррупциянын азайышы жана өлкөдөгү туруктуулук”,- дейт Кремер.