Жылнаама, 10-июнь: Мындан 6 жыл мурун залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов 79 жаш курагында көз жумган

*Мындан 105 жыл мурун, 1909-жылы дүйнөдө биринчи жолу SOS сигналы пайдаланылган.
* Мындан 6 жыл мурун, 2008-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюренберг шаарынын ооруканаларынын биринде пневмония оорусунан дүйнө салган. Ал ошол жылдын 16-майында Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу ооруканага жеткирилген. Жазуучунун сөөгү 2008-жылы 14-июнда "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде жерге берилген. 
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары 170 тилге которулуп, 60 миллион нуска менен чыгарылган. 2008-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калды.
 
*Мындан 221 жыл мурун, 1793-жылы Парижде дүйнөдө биринчи жолу коомдук зоопарк ачылган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Июнь окуясында каза болгондордун элесине арналып Ош шаарында “Энелердин көз жашы” аттуу эстелик ачылган. 
 
10-июнда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан