10-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.
Чүй облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +15°C
Талас облусу. Күндүз +29°C, түнкүсүн +13°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +30°C, түнкүсүн +16°C
Баткен облусу. Күндүз +28°C, түнкүсүн +15°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +8°C
Нарын облусу. Күндүз +23°C, түнкүсүн +8°C
Бишкек шаары. Күндүз +29°C, түнкүсүн +15°C
Эскертүү!
2014-жылдын 9-10-июнунда нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлөт.