Баткендин Өзбекстан менен чектеш айылдарына өзгөчө кырдаалдар киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, аймакта эч кандай кагылышуу жок. Бирок Өзбекстан 5-январдан кийин чек араны, Кыргызстандын башка айылдары менен байланышуучу негизги стратегиялык жолду жаап салган. “Кыргызстанга Өзбекстан аркылуу өтүүчү Баткендин бул айылдарында дары-дармек, азык-түлүк үзгүлтүгү байкалууда. Ошондуктан аймакта өзгөчө кырдаал киргизилди”,- деп кошумчалады өкмөттүн Баткендеги өкүлү Жеңиш Разаков.