"2010-жылдагы башкаруу системи кескин өзгөртүлгөнгө чейин Кыргызстандагы коррупция кол тийгис бойдон калган". Муну 9-июнда Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда депутат Өмүрбек Текебаев билдирди. Айтымында, 90-жылдардан баштап Кыргызстан коррупция менен күрөшүү аракеттерин жасап келген. Бирок бул күрөш оомал-төкмөл мүнөз күтүп, ишке караганда сөз көп болгон.
“Жаңы Конституциянын кабыл алынышы менен өлкө парламенттик демократия жолун тандап алды, парламенттин ролу менен көз карандысыздыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Конституция саясий күрөш менен компромисстердин натыйжасы болгондугуна карабай, биз жаңы мамлекеттин эл аралык стандарттарын киргизип, ар кандай бийлик бутактары жана башкаруу институттарынын ролу менен ыйгарым укуктарын тагыраак жазуу аркылуу укук үстөмдүүлүгүнүн негиздерин түптөй алдык”,- деди Текебаев.