Эльвира Сариева: “Чолпонбек Базарбаев – кыргыз балетинин легендасы”

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева 9-июнда СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулгандыгынын 65 жылдыгына карата өткөн балет искусство чеберлеринин концертине катышты. Иш-чаранын аягында Сариева балет чебери Ч.Базарбаевдин өлкөдө балеттин өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи. “1966-жылдан баштап көп жылдар бою Чолпонбек Базарбаев Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын алдынкы солисти болуп жүргөн. Чолпонбек Базарбаев - кыргыз балетинин легендасы жана классикасы. Аны кыргызстандык көптөгөн муун жана дүйнөдөгү балет сүйүүчүлөр эстеп турушат”,- деди Сариева. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан