Кыргызстандын жогорку окуу жайларында диссертация жактоодон кийин сый тамак берүүгө тыюу салынат

Жогорку окуу жайларынын алдында уюштурулган Диссертациялык кеңешмелерде илимий даражаны алуу үчүн жазылган илимий чыгармаларды жактагандан кийин сый тамак берүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында диссертация жактагандар тарабынан сый тамак берүүгө тыюу 5-июндан баштап күчүнө кирип, аны көзөмөлдөө күчөтүлдү.

Мындан ары ЖОЖдун жетекчилери диссертация жактаган адамдын видеотасмасын жана аудиожазуусун Билим берүү жана илим министрлигинин илим бөлүмүнө тапшырышы керек болот. Ал бөлүм жыл сайын 31-декабрга чейин диссертациялардын толук жыйынтыгын маалымдап турат.      

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан