15-январда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарды ишке орноштуруу жол-жобосун кайрадан иштеп чыгууну өкмөткө сунуштады.
Анын айтымында мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандардын укугу жана кепилдиктери тууралуу жобо натыйжалуу иштебей жатат. Аталган жободо 20 кишиден көп киши иштеген ишканаларда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 5 пайыздык жумуш орун бөлүп берүү каралган.
Депутаттын мындай сунушуна Жантөрө Сатыбалдиев: “Өкмөт башчы мыйзамдарды оңдоо иштерин гана жүргүзө алат, парламенттин сунуштарын колдой албайт”,-деп жооп берди. Бул сунуш парламенттик кароого жөнөтүлдү.