Алайдагы митинг: Облус башчы Сооронбай Жээнбеков чогулгандарды көндүрө албады

Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков 9-июнда Алайдагы жол тоскондор менен жолугушту. Бирок сүйлөшүүлөр натыйжасыз болгонун бүгүн, 10-июнда жол тоскондордун бири Жаркынбай Косонов SUPER.KG порталына билдирди.

Айтымында, облус башчы депутат Ахматбек Келдибековду бошотуп берүү талабын аткара албастыгын билдирген.

Сооронбай Жээнбеков биздин талаптарды аткара албастыгын айтты. Жолду ачуу керектигин билдирди. Демек, сүйлөшүүлөр натыйжасыз. Ахматбек Келдибековду бошотуп берсе эле биз жолду ачууга даярбыз”, - дейт Косонов.

Эскерте кетсек, Алайда Ахматбек Келдибековду бошотуу талабы менен тургундар Ош - Эркеч-Там унаа жолун 27-майдан бери тосуп турушат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан