Ак үйдүн алдында акция өткөргөндөргө административдик чаралардын көрүлүшү КРнын Баш мыйзамына каршы. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда КРнын Акыйкатчысынын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Ак үйдүн алдында кечээ, 9-июнда бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү коомчулуктун көңүлүн бурдуруу акциясын өткөрүүсүнө Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан тоскоолдук кылынып, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан акциянын уюштуруучулары кармалып, аларга административдик чаралардын көрүлүшү КРнын Баш мыйзамына каршы келет”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан.
Маалыматка ылайык, КРнын Конституциясынын 34-беренесинде: “Кыргызстанда ар бир адам тынч чогулуш өткөрүү эркиндигине укуктуу. Тынч чогулуштарды уюштуруучулар жана анын катышуучулары тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартышпайт. Ошондой эле Баш мыйзамдын 6-беренесинде "Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана өлкөдөгү бардык мыйзамдар Конституциянын негизинде гана иштелип чыгат" деп жазылган.
Учурда флешмобду уюштуруучулардын жоопкерчилиги Биринчи Май райондук соту тарабынан каралууда. КРнын Акыйкатчы аппаратынын кызматкери байкоочу катары катышууда. Азыркы учурда сот Р.Бекназаровго 200 сом, Какешовго 300 сом айып салды. Ал эми журналист Т.Саралаевге карата иш кыскартылды. Калган катышуучулар боюнча иш учурда каралууда.
"Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тартип коргоо органдарынын аракетине башынан аягына чейин көз салууда жана анын жыйынтыгында мыйзамга ылайык иш-чаралар көрүлөт" деп белгиленген маалыматта.