Кыргызстандын Эсептөө палатасынын аудиторлору былтыр 1 миллион сомдун тегерегинде маяна алышкан. Тапшырган декларацияларынан алынган кененирээк маалымат төмөндө.
Аудитор Эрнст Абакиров былтыр 1 миллион 062 780 сом маяна алган. Жакындарынын автоунаасы 1999-жылы чыгарылган Лексус ВК 300.
Аудитор Өктөмкан Абдуллаева былтыр 981 314 сом маяна, 545 837 сом пенсия алган. Ага караштуу 76,6 чарчы метр аянтты ээлеген батир, 211,35 чарчы метр жерди ээлеген дача бар. Жакындары былтыр 30 020 сом киреше табышса, автоунаасы 2002-жылы чыгарылган Субару Форестер.
Аудитор Алмасбек Султанкулов 2013-жылы 823 575 сом маяна алыптыр. Бир үйгө ээлик кылат (аянты көрсөтүлгөн жок). Автоунаасы 2001-жылы чыгарылган Тойота Хайлендер. Жакындары былтыр 780 миң сом киреше табышкан. Алар бир батирге, 10 гектар жердеги көп жылдык өсүмдүк көчөттөрүнө ээлик кылышат.
Аудитор Азамат Кангелдиевдин былтыркы маянасы 1 миллион 199 732 сом. Мүлктөрү: 85 чарчы метр аянтты ээлеген үй, 2010-жылы чыгарылган Тойота Прадо автоунаасы. Жакындары бир медициналык борбордун акциясынын 90 пайызына, 2 үйгө (аянттары 261 жана 149 чарчы метр). 48 чарчы метр жерди ээлеген 2 батирге ээлик кылышат.
Аудитор Ишенбек Медетов былтыр 1 миллион 216 403 сом киреше тапкан. Мунун 850 354 сому маяна, 106 049 сому пенсия. Калган 260 миң сому кошумча кирешеси. Жакындары бир үйдүн (аянты көрсөтүлгөн жок) жана бир батирдин (55,1 чарчы метр) ээси.
Аудитор Кубанычбек Нурматов былтыр 948 987 сом маяна алган. Кызматкер 2000 чарчы метр жерди ээлеген үйгө, 1998-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц 500 автоунаасына ээлик кылат. Жакындары 90 чарчы метр жерди ээлеген батирдин, 2000-жылы чыгарылган Мерседес-Бенц 200 автоунаасынын ээси.
Аудитор Гүлжан Эгимбаева 2013-жылы 1 миллион 183 269 маяна алыптыр. 65,7 батирге ээлик кылат. Жакындары 56 400 сом киреше табышкан.