Сокулук районунда “зордуктоого аракет кылган” деген шек менен 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 37 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Анда ал 6-июнь күнү чала тааныш Саша аттуу жигит Сокулук айылында жайгашкан өз үйүндө 17 жаштагы кызын зордуктоого аракет кылганын айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 29 жаштагы кылмышка шектүү кармалды. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.