Баткен. Зардалыдагы жардыруудан жаракат алгандардын жакындарына жардам көрсөтүлдү

Өкмөттүн Баткен боюнча өкүлү Жеңиш Разаков 9-июнда Баткен облусунун Зардалы айылындагы жардыруудан жабыркаган эки балага өкмөт тарабынан жардам берди. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Ага бир катар район жетекчилери катышты. Анда жардырууда каза болгон эки баланын ата-энесине 15 миң сомдон, жеңил жаракат алган 4 балага 10 миң сомдон акчалай жардам көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, 17-апрель күнү Зардалы айылында балдар ойноп жатып жардыруучу затты таап, туура эмес колдонгондуктан жардыруу болуп, 5 бала жараат алып, бир бала каза болгон эле.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mirba-Nookat.83
2014-06-10 10:14:39
10 мин сом менен 15 мин сом эмнеге жетмек эле жакшы берипсинер бирок, мактанып жазып кабар берип эмне кыласынар окмотко 15 мин сом уятго жарыя кылбай эле койгулачы 150 мин сом болгондо башка кеп болмок.Бирок жакшылык кыламын деген адам андай жарыя кылбай эле кудайым корсо болду деп жардамын жарыялабайт.
+2
zezim2000
2014-06-10 11:12:34
Айтканына кошулам алардын балдарынын омуру 15 мин сомго тургандай болуп калыптыр унчукпай эле койушса болмок,
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан