Ош шаарынын мэриясы жана Жаштар иштери боюнча комитети тарабынан 2010-жылдын Июнь окуясында каза тапкан жарандардын жана Ош шаарындагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын белек менен сыйлоо иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-июндан тартып ушул күнгө чейин Жаштар иштери боюнча комитет балдардан ар кандай белектерди сураган каттарды чогултушкан. “Балдар негизинен велосипед, китеп, уюлдук телефон, китеп кап сыяктуу өздөрүнө керектүү буюмдарды сурап кайрылышты. 12-июнь күнү Июнь окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш-чараларынын алкагында бөбөктөрдөн келген каттардын негизинде белектер тапшырылат”,- деп белгилейт басма сөз кызматынан.