Кожобек Рыспаев Энергетика министрлигиндеги коррупциялык схемалар боюнча айтты

“Энергетика жана өнөр жай министрлигиндеги коррупциялык схемалардын айынан Кыргызстанда электр энергиясы уурдалууда”,- деп билдирди бүгүн, 10-июнда "Кыргызстанда коррупцияга каршы аракеттенүүдө мамлекеттик саясатты алга жылдыруудагы парламентаризмдин орду" аттуу эл аралык жыйында парламент депутаты Кожобек Рыспаев.

Анын айтымында, энергетика тармагындагы коррупциянын жана жоопкерчиликсиз кардарлардын айынан карыздар көтөрүлүп жатат. “Ошентип, өнөр жай ишканаларынын көмүр сатып алууга жана өз кызматкерлерине айлык берүүгө акча каражаты жок болуп калууда. Анткени аталган тармактын жетекчилиги өз таасиринен пайдаланып ички түзүмдөрдү түзүп, өзүнө кошумча киреше табууга мүмкүнчүлүк түзгөн”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан