Алмазбек Атамбаев: "2010-жылдын июнунда Кыргызстандын душмандары бийликтин чабалдыгын пайдаланып жаңжал чыгарышты"

Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылкы Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата бүгүн, 10-июнда кайрылуу жасады. Кайрылууда булар айтылат:

“Урматтуу мекендештер!

Каргашалуу күндөрдөн бери төрт жыл өттү. Төрт жыл мурда өлкөнүн бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин жарып, мамлекетибизди жок кылуу аракети орун алган. Ал күндөрдү эстегенде ар бирибиздин жүрөгүбүз сыздайт. Акыркы 50 жылдын ичинде өлкөнүн түштүгүндө үч жолу кандуу окуялар кайталанды. Ынтымактын, биримдиктин жоктугу жүздөгөн жарандарыбыздын өмүрүн кыюуга, кыргыз мамлекеттүүлүгүн жоготуу коркунучуна алып келген.

Ошол оор күндөрдө карапайым элдин даанышмандыгы, сабырдуулугу өрттү өчүрүүгө себеп болду. Карапайым эл бири-бирин тыйып, кандуу кагылышка бөгөт койду. Кыргыздар өзбектерди, өзбектер кыргыздарды үйүнө катып, жүздөгөн өмүрлөр сакталды. Кыргыздар менен өзбектер аралаш жашаган көчөлөрдө, кварталдарда жаңжалдын жайылышына жол берилген жок. Демек, биздин аралашып, биргелешип жашоодон башка жолубуз жок.

Ынтымак түштүккө, түндүккө, Ошко, Жалал-Абадга, Көлгө же Таласка асмандан түшпөйт. Ынтымак элдин өзүнөн башталышы керек - ар бир үйдөн, ар бир айылдан, ар бир көчөдөн. “Ырыс алды – ынтымак”. Муну эстен чыгарбайлы.

"Кыргызстан жок болсун, бөлүнсүн, жарылсын" деп тургандар аз эмес. Аларга Кыргызстандын кереги жок. Элибиздин тагдыры бир тыйын. 2010-жылы ал күчтөр улутчулдарга, сепаратисттерге, реваншисттерге таянган.

Өз элин кайгыга батырып, каргашалуу окуялардан саясий упай топтогондорду да көрдүк. Бузукулардын айрымдары башканын мүлкүн басып алууга кызыкса, айрымдары каргашалуу окуяларды бийликке, чоң саясатка кайтып келүүгө пайдаланды. Азыр алар чындыкты бурмалап, өздөрүн көтөрмөлөп, элдин коргоочусу катары көрсөтүшүүдө. Бул жалган! Жеке кызыкчылыгын көздөгөн саясатчылар каргашалуу окуяларга өздөрү кызыкдар болгон. Бийлик, байлык үчүн боордош элдерибизди кагыштырып, Ата Мекенине чыккынчылык жасашкан. Бүгүнкү күндө муну көпчүлүк түшүнүп калды.

2010-жылдын июнунда Кыргызстандын душмандары өлкөдөгү бийликтин чабалдыгын пайдаланып, жаңжалдын отун тутантты. Ошол күндөрү бүткүл элибиздин аракети баш аламандыкты, зомбулукту токтотууга, жабыр тарткан аймактарга жардам берүүгө багытталды. Кыргызстандын ар бир жараны кайгыны өз башындагы түйшүк катары кабыл алып, колдон келген жардамын аяган жок. Күн сайын Бишкектен, Чүйдөн, Ысык-Көлдөн, Нарындан, Таластан түштүккө гуманитардык жүк жөнөп жатты.

Мамлекет тарабынан олуттуу чаралар көрүлдү. Эл аралык уюмдардан түшкөн 6 миллиард сомдон тышкары, республикалык бюджеттен кошумча 6 миллиард сом жапа чеккен аймактарга бөлүндү. Ал каражаттардын эсебинен жабыркаган үй-бүлөлөргө жөлөк пул катары жүз миллиондогон сом таратылды. Жүз миңдеген чарчы метр турак жайлар курулду. Миңдеген объектилер калыбына келтирилди. Ош жана Жалал-Абад шаарлары оңолуп, кыйла өзгөрдү. Бүт өлкө Ош менен Жалал-Абадка жардамга келди. Жалпы элибиздин жардамы түштүктө тынчтыкты орнотууга шарт түздү.

Урматтуу мекендештер!

Кайгылуу окуяларды унутууга биздин акыбыз жок. Ал окуялар бардыгыбыз үчүн чоң сабак болууга тийиш. Каргашалуу окуялар мындан ары эч качан Кыргызстанда кайталанбасын. Ынтымакты, биримдикти көздүн карегиндей сактайлы. Мамлекетибиздин жаркын келечегин куралы. Кудай элибизди, жерибизди колдосун. Жараткан тилегибизди кабыл кылсын. Жолубузду ачып, ынтымак, береке берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан