Бүгүн, 10-июнда 2010-жылдагы Ош коогалаңында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы өтүп жатат. Анда бийлик өкүлдөрү каза болгондордун жакындарына берилген үйлөргө барып куран окушуп, алардын балдары бейкүнөө кеткенин, мындан ары андай окуя кайталанбашы керек экендигин айтышты.
Эскерте кетсек, 2010-жылы улуттар аралык кагылышта, мамлекеттик комиссиянын расмий маалыматы боюнча, 426 киши каза тапкан, 35 киши дайынсыз жоголгон.