Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-топтогу майыптарга 2 жаштан 18 жашка чейинки 5 адамга 7779 сомдон турган майыптык арабалар берилди. Жалпы сумма 54 453 сомду түзгөн.