Бүгүн, 10-июнда парламенттеги Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда "Нан унун байытуу жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жатат. Демилгечи депутаттардын бири Дамира Ниязалиеванын айтымында, бул мыйзам долбоору аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн сунушталууда.
Ниязалиева: “Нан уну сөзсүз байытылышы керек. Бул мыйзам долбоору өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн сунушталып жатат. Азыр билесиздер, айылдарда көпчүлүк үй-бүлөлөр нан жана чай гана ичет. Этти, жемиштерди күндө жей бербейт. Ошон үчүн балдар калориясы аз тамактар менен тамактанып, ар кандай ооруларга чалдыгышууда. Ошон үчүн унду байытууга тийиш деп жатабыз”,- деди.