"Белгисиз “кан соргуч” делген жандыктардын бешөө атылды" дейт Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев

Учурда белгисиз “кан соргуч” делген жандыктардын бешөө атылды. Бул тууралуу Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиев бүгүн, 10-июнда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө райондук ички иштер башкармалыгы, аңчылар, айыл өкмөттөрү менен биргеликте “кан соргуч” делген жандыктарды жок кылуу иш-аракеттери жүрүп жатат. "Анын ит менен чөөнүн ортосунан чыкканы айтылууда. Бир катар тургундардын койлорунун, тоокторунун канын соруп кетиптир. Учурда алардын бешөө атылды. Элге андан сактануу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Эгерде ушундай жандыкты көрүп-билгендер болсо, айыл өкмөттөрүнө, райондук ички иштер башкармалыктарына кабарлап койсоңуздар",- деди Жылдызбек Шералиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Bako.baike
2014-06-10 11:07:16
Чупакабра бар окшойтда
0
Гүлжан Асанкожоева
2014-06-10 11:11:41
Атылган жандыктын денесин Илимдер Академиясына жөнөтүштү болду бекен? Неге жай кыймылдап жатышат? Жандык тууралуу кабар тараганына 5 күн болуп кетиптир го? Аңчылар менен айыл өкмөттөрдү гана карап отура берген болбойт го.
+1
ALAY_NURS
2014-06-10 11:33:23
чупакабра бизде да баркенда а. Астаафир АЛЛАХ.
0
Mirba-Nookat.83
2014-06-10 11:41:04
Жеп жутар окмоттун казынасын жегендердин канын соргуч качан чыгат экен.
+2
Dadin
2014-06-10 11:41:42
Бул деген эксперимент,Чет мамлекеттик генетиктер Кыргызстанда тош-таш ойноп журот дейсинерби,ар кандай эксперимент жургузуп журушот да, ар кайсы жаныбарды аргындаштырып,кээде ойлоп кетесин жоголгон жаш балдарды да ушул экспериментер учун уурдап кетип жатабы деп.
+5
abaychik
2014-06-10 13:16:44
Dadin, созуно толугу менен кошулам.
+1
Turadi
2014-06-10 14:34:22
Dadin, балким.
0
vbrb
2014-06-11 09:26:40
Dadin, эн туура маселени козгоптурсун, чет элдиктин баарын жакшы контролго алыш керек
0
urmat_88-kg
2014-06-10 22:08:12
АЛЛАХ сактасын!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан