“Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө талыкпаган эмгек менен изденүү каалайм. Өзүңөрдүн билимиңерди өркүндөтүү менен катар өсүп келе жаткан жаш муундарга алган билимиңерди үйрөтүп, келечекте мыкты жана атактуу инсандардан болгула. Элибизге, журтубузга пайдасы тийген даанышман адамдардан болууңарга тилектешмин”,- дейт аталган окуу жайдын ректору Абдышүкүр Нарматов.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Токтомушев Максатбек ажы, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Орозбек Молдалиев, Кыргызстан мусулмандарынын биринчи муфтийи Абдурахманов Кимсанбай ажы, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр жана башка сыйлуу коноктор куттукташты. Ал эми аземдин соңунда бүтүрүүчүлөргө дипломдор тапшырылды.