Буга чейин Нарын шаарынын жаштары облустук телеканал менен биргеликте апта сайын ток-шоу уюштуруп туруу идеясын сунушташкан. Облустук Жаштар ордосу демилгени колдоп, уюштурууну колго алган. Бүгүн, 15-январда саат 15:00дө ошол ток-шоунун ачылыш аземи болот. Бул туурасында уюштуруучулардын бири жана алып баруучусу Темирлан Сатыбеков билдирди. Ток-шоунун катышуучулары негизинен жаштардан туруп, облустагы социалдык, экономикалык, саясий жана маданий маселелерди талкууга алышат. Ошондой эле бул иш-чара апта сайын өткөрүлүп, жогорку муундагы коомдук ишмерлер, жетекчилерден да чакырылып, алар жаштардын демилгесин, ойлорун угуп, өздөрүнүн кеңештерин берип турмакчы. Уюшулган ток-шоу ар бир апта сайын жергиликтүү телеканалдан көрсөтүлүп турат.