Октябрь районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды

Октябрь районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине маалымат келип түшкөн. Анда 5-кичи райондогу батирлердин биринен адамдын жансыз денеси табылгандыгы боюнча айтылган. Милиция кызматкерлери ал жакка барган учурда өлгөн адам 34 жаштагы үй ээси экени аныкталган. Ал бычактан жараат алып каза болгон. Бул боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1978-жылы туулган айым кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2014-06-10 16:32:22
Олтуруп анан тоноп кетсе керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан