Австралиялык полиция кызматкерлери 62 жаштагы туристтин денесинин калдыгын "Какаду" Улуттук сейил багындагы 5 метрлик крокодилдин ичинен таап чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ишемби күнү турист сейил бактагы көлмөдө кайык менен сейилдеп жүргөн кезде крокодил кол салган. Анын дайынсыз кеткенине тынчсызданган аялы, уулу жана келини полицияга кабарлашкан. Жыйынтыгында жекшемби күнү окуя болгон жерден 1,5 чакырым алыстыктан эки крокодил атылып өлтүрүлүп, бирөөсүнүн ичинен туристтин денесинин калдыгы табылган.