Кыргызстанда жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылы аяктай турганы айтылды

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 9-июнда Монголиянын Шайлоолор боюнча башкы комиссиясынын төрагасы Чойнзон Содномцэрэн менен жолугушту. Анда жарандардын биометрикалык маалыматтарын колдонуу менен өткөргөн Монголиянын шайлоо процесси талкууга алынды.

Сарпашев кыргыз өкмөтү жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултууга ниеттенип жатканын айтып, “Ушул жылдын 4-кварталында өлкө жарандарынын көпчүлүгүнүн биометрикалык маалыматтары топтолот. Бул ишти 2015-жылдын ортосунда толук бүтүрүүнү пландап жатабыз. Бул жаатта Монголиянын тажрыйбасы бизге пайдалуу болот” деп билдирди.

Содномцэрэн биометрикалык ыкмага өтүү учурдун талабы экенин белгилегенин бүгүн, 10-июнда өкмөттөн билдиришти. 

Айта кетсек, Сарпашев иш сапары менен Монголияга барган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан