Жасалма дипломду колдонгон факты боюнча 2 кылмыш иши козголду

Жасалма дипломду колдонгон факты боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 10-июнда билдирди.

Маалыматка караганда, иликтөө иштеринин жүрүшүндө Талас облусунун Бакай-Ата районунда спорт мектебине жумушка орношууда К.А. жана А.Б. аттуу мугалимдер жогорку окуу жайды бүткөндүгү боюнча жасалма диплом көрсөтүшкөнү аныкталган. Алар бир канча жылдан бери аталган мектепте иштеп жүрүшкөн. Учурда “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан