2010-жылдагы 7-апрель окуясынын катышуучулары “Ата Журт” партиясынын депутаты Жылдыз Жолдошовадан эл алдында кечирим суроону талап кылышууда. Мындай билдирүүнү Апрель окуясынын катышуучулары бүгүн, 15-январда журналисттерге берген маалымат-жыйында маалымдашты. “Апрель окуясынын идеясынын беделин түшүрбөөнү талап кылабыз”,- дешет алар. Алар ошондой эле туура эмес сүйлөгөн сөздөрү үчүн Жылдыз Жолдошованы депутаттык укугунан ажыратууну талап кылууга ниеттенип тургандарын айтышты. Эске салсак, Жылдыз Жолдошова Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Талант Мамытовдун 2012-жылдын 3-октябрындагы бийликти басып алуу аракетине айыпталуусу боюнча “анда 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы көтөрүлүштүн уюштуруучуларын да жоопкерчиликке тартуу керек” деп билдирген.