Ыргал Кадыралиева: “Төрт жылдан бери мамлекет жаштарды иш менен камсыз кылганын көрбөдүм”

Төрт жылдан бери депутат болуп турам, бирок мамлекет жаштарды иш менен камсыз кылганын көргөн жокмун”,- дейт депутат Ыргал Кадыралиева. Муну депутат Социалдык саясат боюнча комитетинин 10-июндагы жыйынында айтты. Мамлекет жаштарды жумуш менен камсыз кылууга милдеттүү экенин айткан Кадыралиева: Азыр жаштар эмгек келишими жок туруп ар кайсы жерде иштеп жатышат. Бир күндө 12-14 саат иштешет. Эч ким аларга кам көрбөйт. Жакында Бишкекте бир кыз менен бир жигит мушташып жатыптыр. Барсам СИМ-карта саткандар экен. Сураштырсам иштеп баштаарда эмгек келишимин түзүшкөн эмес. Эмгек келишими толтурулган эмес болсо акча төлөнүп берилбейт. Ошондуктан жаштар үчүн бул мыйзам долбоорун колдоп берели”,- деди.

Жыйында "Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө" мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан