Каныбек Иманалиев: “Кыргызстанда эки илдет бар: “Кумтөр” жана Бакиевдин үй-бүлөсү”

“Кыргызстанда эки илдет бар: “Кумтөр” маселеси жана мурунку президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү”,- деди бүгүн, 10-июнда коррупция темасы боюнча Бишкекте өтүп жаткан эл аралык жыйында парламент депутаты Каныбек Иманалиев.

Анын айтымында, “Кумтөр” компаниясынын наркы 52 миллиард долларга барабар. “Бул сумма Кыргызстандын 20 жылдык бюджетине тете. Ал эми Бакиевдер уурдаган акча өлкөбүздүн 2 жылдык бюджетине барабар. Учурда алар Англияда, Беларуста жашынып жүрүшөт. Эгер алар мыйзамдын алдында жооп бергиси келбесе, Кудай алдында жооп беришсин”,- дейт эл өкүлү.

“Кумтөрдөгү” коррупция жок кылынса, жалпы Кыргызстанда коррупция жок болорун айтат депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан