Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү жогорку окуу жайлардын бирине мыйзамсыз жол менен лицензия бериптир

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын бирине мыйзамсыз жол менен лицензия бергени белгилүү болду. Ички иштер министрлиги билдиргендей, аталган министрликтин алдындагы Лицензиялоо жана аккредиттөө инспекциясынын жооптуу кызматкерлери Кыргыз-Казак университетинин ишмердүүлүгү боюнча мыйзамсыз түрдө лицензия беришкен. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кызматкерлерге "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып тагылып жатканы айтылды.

Пара алуу кылмышына шектелип буга чейин кармалган Баткен мамлекеттик университетинин ректору кызматынан алынды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан