Кытайда 505 кош бойлуу айым чогуу йога менен машыкты

8-июнда Кытайдын Хунань провинциясындагы Чангша шаарында 505 кош бойлуу айым чогуу йога менен машыгып, буга чейинки рекорддук көрсөткүчтү артка ташташты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, алар ачык асман алдында 37 мүнөт 28 секунд йога көнүгүүлөрү менен машыгышкан. Иш-чарага ичиндеги түйүлдүгү 12 жумадан ашкандар тандалып алынган жана алар алдын ала боюнда бар экендигин тастыктаган маалымат кат алып келип тапшырышкан.  

Белгилей кетсек, буга чейинки рекорддук көрсөткүч 2013-жылы катталып, "Гиннесстин рекорддор китебине" киргизилген. Анда 423 кош бойлуу айым йога менен машыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан