Улуттук статистикалык комитет: Айыл аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жергиликтүү балдардын 17 пайызы гана барат

Айыл аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине жергиликтүү балдардын 17 пайызы гана барат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча 2014-жылдын 1-кварталы боюнча отчётунда айтылган.

"2009-жылдан бери мектепке чейинки билим берүүчү мекемелеринин саны 594төн 927ге өскөн. Ал эми ал жакка баруучу балдардын саны 76 миңден 132 миңге чейин көбөйгөн. Айыл аймактарындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барган балдардын саны 17 пайызды түзсө, шаар ичинде алардын саны 50 пайызга жетет",- деп билдирет аталган комитеттен.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан