Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин 10-июндагы көчмө жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева Мамлекеттик кадр кызматынын жасап жаткан иштерин сынга алды. Айтымында, аталган кызмат мамлекеттик кызматкерлердин жасап жаткан иштерин иликтеп чыгышы керек. Депутат кирешелер боюнча декларация тапшыруу иши жетишсиз жүргөнүн айтат.
"Мамлекеттик кызматкердин өткөн жылы жеке унаасы жок болуп, быйыл пайда болуп калса, унаасын кайсы акчасына алганын силер иликтеп чыгышыңар керек. Силер буга такыр кайдыгер мамиле кылып жатасыңар"- деди Алтыбаева.