Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясы 5-июнда калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүү темасы боюнча кеңешме өткөрдү. Муну бүгүн, 10-июнда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Анда шаардык кызматтардын, жергиликтүү бийликтин, ооруканалардын, жогорку окуу жайлардын жетекчилерине аталган маселе боюнча кенен маалымат берилди.
Калктын биометрикалык маалыматын топтоо үчүн аталган райондук администрацияда штаб түзүлүп, жасалчу иштердин планы бекитилгени айтылды. Жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн биометрикалык маалымат жыйноодо атайын мобилдик пункттар ачылмакчы.