Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айыл аймагындагы Кызыл-Уран айылында кечээ, 9-июнь күнү саат 19:00 чамасында көлөмү 2500 метр куб, узундугу 50 метр, туурасы 25 метр, ал эми бийиктиги 2 метрлик жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер көчкү Тыныбек Ормоновдун тамынын аркасын каптаган. Кызыл-Уран айылы Үч-Терек айыл аймагынан 160 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Учурда аталган айыл аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүүдө. Адам өмүрүнө зыян келген эмес.