Каракол шаарында “Туризм - Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүүнүн жолу” деген аталыштагы форум өтүүдө

Караколдо бүгүн, 10-июнда “Туризм - Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүүнүн жолу” аталышындагы форум өтүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган форум Европалык комиссиянын “Айыл жергесиндеги калктын ишмердүүлүгүн жогорулатуу” долбоорунун алкагында "Naturefriends" менен “Pro NGO”, “Дайры” коомдук уюму жана Корпоративдик технологиялар борборунун өнөктөштүгү менен ишке ашырылууда.

Форумдун негизги максаты – экологиялык туризмди илгерилетүү боюнча демилгелерди колдоодо социалдык өнөктөштөрдү, айыл жергесиндеги жакырчылыкты жеңүүнүн жолу катары өнүктүрүү.

Иш-чарага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин, Ош облустук администрациясынын өкүлдөрү, бизнес-уюмдар жана туризм чөйрөсүндөгү эл аралык эксперттер, жаштар бирикмелери катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан