Кыргызстанда 2014-жылдын 5 айында ички дүң продукциянын көлөмү 120,9 миллиард сомду түздү. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4,3 пайызга көп. Маалыматты бүгүн, 10-июнда Улуттук статистика комитетинен билдиришти. Аталган комитет айыл чарба өндүрүшүндө продукциянын өсүп жатышын белгилейт. Ал эми быйыл январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн тышкы товар айлантуусунун көлөмү 2,1 миллиард долларды түзгөнү, бул былтыркыга салыштырганда 0,9 пайызга көп экени кабарланды.