Ош. Июнь окуясында дайынсыз жоголгон 28 жарандын аттары чегилген эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду (фоторепортаж)

Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында Июнь окуясынын 4 жылдыгына карата эскерүү иш-чаралары болуп өттү. Коогалаңда дайынсыз жоголгон 28 мекендешибиздин аттары чегилген «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексинде каза болгондорго жана дайынсыз жоголгондорго куран окутулуп, эстелигине гүлчамбар коюлду.

Ага КРнын Вице-премьер-министри Абдырахман Маматалиев, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев, өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков жана башкармалыктын жетекчилери, ошондой эле Июнь окуясында дайынсыз жоголгондордун жакындары катышты. Андан соң Ош коогалаңында шейит кеткендердин, дайынсыз жоголгондордун жакындарына берилген үйлөргө барып куран окуу жана эскерүү болуп өттү.

Анда вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев: “Мындан 4 жыл мурун каргашалуу окуя болуп, баарыбыздын үрөйүбүздү учурган. Мындан ары чагымчылдардын жасаган аракеттерине жол бербөөбүз зарыл. Арадан 4 жыл өтсө да, жакындарынын, ошондой эле кыргыз элинин эсинен кеткис. Каза болгон жана дайынсыз жоголгондордун жакындарына үй-жай кылып, акча тараптан жардам бердик дегенибиз менен, алар жакын адамын жоготуп отурушат. Буларга бир гана каниеттик каалап, элиме тынчтык каалайм”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан