“Кыргыз эли эки президентин кууп, парламенттик системди түзүүгө өтүшү мен үчүн жакшы таасир калтырды”,- деп билдирди бүгүн, 10-июнда маалымат жыйында Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча эл аралык парламент өкүлдөрү уюмунун башчысы Акааш Магаражи.
Анын айтымында, экинчи президент (К.Бакиев) коррупциянын айынан куулду. “Коррупция менен күрөшүүдө Кыргызстан майда реформаларды жүргүзбөй, жалпы бийлик системин алмаштырды. Коңшу мамлекеттер өз парламенттери күчөп кеткенин каалабайт. Ошондуктан биз Кыргызстандын парламенти менен иштешүүгө кызыкдарбыз”,- деди ал.