Жоомарт Оторбаев өлкөдөгү ири компаниялардын башында “Кыргыз алтын” турарын айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 10-июнда кызматтарына жаңы дайындалышкан “Кыргыз алтын” компаниясынын башчысы Токон Мамытов жана “Түндүк электр” компаниясынын башкы директору Аскар Эшимбеков менен жолугушту. Өкмөт башчы “Кыргыз алтын” өлкөдөгү ири 200 компаниянын сап башында, “Түндүк электр” 5-орунда экенин белгиледи.

“Кыргыз алтын” менен “Түндүк электр” компаниялары корпоративдик башкаруунун эффективдүүлүгүнүн үлгүсү болушу керек. Тилекке каршы, акыркы 20 жылдан бери компаниялар эскиче иштеп келе жатат. Биз мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча масштабдуу реформаларды баштайбыз”,- деди премьер. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан