Бүгүн, 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызматы "Көп кабаттуу үйлөрдөгү өрттү өчүрүү" деген демилге менен машыгуу иштерин жүргүздү. Машыгууга Бишкек шаарындагы бардык өрт өчүрүү бөлүмдөрү жана өздүк курамдан 50дөн ашык кызматкер катышты.
Анда өрт өчүргүчтөр атайын өрт өчүрүүчү унаалардын тепкичтери менен 7-кабатка көтөрүлүшүп, көп кабаттуу үйдүн экинчи капталынан 7-кабаттан тепкич менен ылдый түшүштү. Өрт өчүрүүчүлөр мындай машыгуулар кызматка жаңы киришкен жана мурдатан эмгектенип келе жатышкан өрт өчүрүүчүлөргө да чоң тажрыйба экендигин белгилей кетишти. Буга катар эле өрт өчүрүүчүлөр машыгуунун алкагында көп кабаттуу үйлөрдө өрт кантип өчүрүлөрүн көрсөтүп беришти. Айта кетчү жагдай, 15-июнда Кыргызстандын өрткө каршы мамлекеттик кызматына 88 жыл толот.