"Бразилия" футболдук командасынын 63 жаштагы фанаты дааратканасына чейин аталган команданын эмблемасы жана түсү менен кооздоп алган

Бразилиялыктардын эки нерсе: футбол жана карнавал деп жашашары эч кимге жашыруун эмес. Учурда бул өлкө 12-июндан 4-июлга чейин өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна кызуу даярдык көрүүдө. Мындан улам журналисттер күн сайын футбол тууралуу кызыктуу маалыматтарды элге алып чыгышууда. 
Бүгүн, 10-июнда интернет айдыңына жарыяланган "Бразилия" курама комадасынын 63 жаштагы фанаты Марилса Гимарайнш да Силванын жоруктары баарыбызга эле кызыгуу жаратса керек. Бул кемпир 24 саат бою футбол деп жашайт. Ал гана эмес, көп жылдан бери аталган командага тиешелүү нерселердин баарын чогултуп келет. Ошондой эле ал үйүн дааратканасына чейин бул команданын эмблемалары жана түсү менен кооздоп алган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nurkasym-2014
2014-06-10 16:02:54
Мына сага фанат деп ушуну айт.
+3
mirbakg
2014-06-10 16:16:29
Охоо болгондо да кемпир экен !!
+2
Aisuluu7
2014-06-10 16:17:30
Ашынган фанат экен да, Бабуля супер)))
+2
Kanat8427
2014-06-11 01:59:51
Соз жок ))))))
0
saltanat.
2014-06-11 17:53:55
Сөз жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан