Ошто улан-кыздар үчүн жайкы "Куран жана адеп-ахлак" сабактары өткөрүлүүдө

Ош шаарындагы борбордук "Сулайман тоо" мечитинде жаш улан-кыздар үчүн жайкы "Куран жана адеп-ахлак" сабактары өткөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев билдирди.

Анын айтымында, күн сайын 5 саатка созулчу окуудан жаштар Ханафий мазхабына негизделген маалыматтар менен таанышат. Окуунун жүрүшү 5 күнгө созулат.

Мындан сырткары ошол эле мечитте айымдар үчүн 10 күндүк дин багытындагы семинар башталды. Анда семинар 10 күнгө созулуп, Ханафий мазхабына негизделип, адеп-ахлак жана ислам укугу, фикх жаатында болуп, өзгөчө аялдардын диндеги орду, укуктары жана милдеттерине басым жасалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur.ai
2014-06-10 16:08:20
Аллаа ыраазы болсун...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан