Ош шаарындагы билим берүү тармагынын өкүлдөрү Казакстанда өтүп жаткан эл аралык форумга катышууда

Билим берүү тармагында тажрыйба алмашуу максатында Ош шаарынан атайын делегация Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан эл аралык форумга катышууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.

Анын айтымында, “Канткенде университеттер ийгиликке жетише алат?” деген аталыштагы форум Астана шаарындагы Нурсултан Назарбаев атындагы жогорку окуу жайынын базасында өтүп жатат.

Маалыматка ылайык, 3 күндүк форумда 30 өлкөдөн өкүлдөр келип, казак президентинин да катышуусу күтүлүүдө. “Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын ректорлору, шаардык кеңештин депутаттары жана бир катар окутуучулар катышууда”,- дейт Кимсанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан