Жети-Өгүз районунда зордукталып өлтүрүлгөн кыз тааныштарынын колунан каза болушу мүмкүн

Жети-Өгүз районунда зордукталып өлтүрүлгөн кыз тааныштарынын колунан каза болушу мүмкүн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына укук коргоо органдарындагы өздүк булактарбыз бүгүн, 10-июнда кабарлашты.

Учурда бул факты боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлери күбөлөр менен иш алып барып, ар түрдүү божомолдор айтылууда. 

Маалым болгондой, кырсык болгон күнү каза тапкан кыз окуу жайынан экзамен тапшырып, кийин айылын көздөй кетүү үчүн унаа тосуп, ага түшүп кеткен. Эртеси анын сөөгү картошка айдалуучу талаадан табылган. Анын буту колготкиси менен таңылып, шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөн. Жансыз дененин жанында бир канча адамдын жана автоунаанын изи калган. "Өлтүргөн адамдар маркумду тааныгандыктан, кылмыш бети ачылып калбаш үчүн өлтүрүп коюшкан" деген божомол да айтылууда.

Эске салсак, 7-июнь күнү Жети-Өгүз районунун Бурма-Суу айылынан 17 жашар кыздын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал зордукталып, анан өзүнүн шымы менен муунтулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Маркум Каракол шаарындагы медициналык окуу жайда 2-курста окучу. Учурда "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zhanarbek80
2014-06-10 23:30:07
оз карындашын кыздарын ойлоду бекен айбандар мындай куноо кылгандарга олум жазасы да аздык кылат
+1
zhanarbek80
2014-06-10 23:31:49
буларды елге салып бериш керек ташбаран алышсын ошондо азаят беле
+3
shiko
2014-06-11 11:26:18
Биздин милиция качан иштейт.Камилланын да олуму ачыла элек .болушу мумкун дегени эле
0
meka93
2014-06-11 11:37:16
ой бизде кыймылдайлы десе эле акча деген балээ азгырат ондуу. Акчаны коргондо ишти жаап коюп жатышпайбы
0
Begimkyz
2014-06-11 13:55:48
Откондо Шихиданын абалын коргондон кийин милицияга ишенич жоголгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан