"Сотторду тандап жатканда эл аралык уюмдар кийлигишпесин” дешти депутаттар

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештеги Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Токтогул Туманов сотторду тандап жатканда эч кандай эл аралык уюмдар кийлигишпөөсү керектигин билдирди. “Коомдук уюмдар жөн гана сотторду тандоо кандай жүрүп жатканына байкоо салып, анын жыйынтыгын коомчулукка алып чыкса болот”,- деди Туманов.  

Депутат Чыныбай Турсунбеков каралып жаткан мыйзам долбоорунун айрым пункттарын колдоого аларын айтты.

Мурда кылмыш иши козголгон, мыйзам бузуп жумушунан бошотулгандар Сотторду тандоо кеңешине кирбесин” дегенге макулмун. Бизде миңдеген киши сырткы уюмдар менен иштеп жүрүшөт. Керек болсо экс-президент Роза Отунбаева эл аралык уюмдар менен иштеп, жакшынакай эле президент болуп иштеди го. Конституциянын агымынан чыкпайлы”,- деди ал. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан