Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Рерихтин келишими. Тарых жана азыркы заман” аттуу эл аралык көргөзмө долбоору ачылды (фоторепортаж)

Бүгүн, 10-июнда Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде “Рерихтин келишими. Тарых жана азыркы заман” аттуу эл аралык көргөзмө долбоору ачылды.

Көргөзмө долбоору Николай Рерихтин бейпилдикти жаратуу идеясын жайылтууга жана “Көркөм жана илимий жайларды, тарыхый эстеликтерди коргоо” эл аралык келишимине багытталган. 

Рерихтин сүрөттөрүн байыркы Мисирдин фараондорунун казынасындагы буюмдардан, таш доорундагы карапаларга түшүрүлгөн оюулардан, Монголиянын жарларынан жана башка жактардан көрсө болот.

Көргөзмөнү "Рерих" эл аралык борбору жана "Рерих мурастарын сактоо" эл аралык комитети уюштурууда.

Белгилей кетсек, көргөзмө 27-июнга чейин уланат.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан