Өзбекстандын аймагында жайгашкан КРнын Барак эксклавынын тургундары Кара-Суу районуна биротоло көчүп келишпейт. Мындай билдирүүнү SUPER.KG порталына бүгүн, 10-июнда Ош облусунун өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Шайлообек Козубаев билдирди.
Анын айтымында, Кара-Суу аймагынан берилген жерлер Барактагылардын бала-чакаларына берилген жерлер.
“Барактагылар биротоло көчүп келишпейт. Тескерисинче, өкмөт болушунча ал жакта жашоого болгон шартты түзгөнгө аракет кылат. Ал эми ӨКМнын 7 жүк ташуучу унаасы алардын курулуш материалдарын эмес, мал жандыктарын жайлоого алып чыгаруу үчүн барды. Ошондой эле былтыркыдан калган 30 тонна пахтасын алып чыгып берди”,- деди.
Эскерте кетсек, 6-июнда ӨКМнын берген маалыматы боюнча, өкмөттүн ушул жылдын 2-майындагы тапшырмасын аткаруу максатында Өзбекстандын аймагында жайгашкан Кыргызстандын Барак эксклавынын тургундарынын курулуш материалдарын Кыргызстандын аймагына көчүрүп келүү үчүн 7 оор жүк ташуучу унаа жөнөп кеткендиги тууралуу маалымат тараткан болчу.