Бүгүн, 10-июнда SUPER.KG порталынын редакциясына зордуктоого шектелип жаткан Илгиз Карымбаевдин апасы Зейнеп Коконбаева келип, “Калия Арабекованы биздин балдарыбыз зордуктаган эмес” деп билдирди. Ошондой эле Алтынбек Алыбаевдин апасы Күлүйпа Кулубаева жана Мукаш Кененсаривдин атасы Нуржан Кененсариев келип, балдарынын күнөөлөрү жок экенин айтып өтүштү.
“Чындыгында, эч кандай зордуктоо болгон эмес. Мына, экспертизанын жыйынтыгында деле жазылып турат, “жабырлануучунун денесинде эч кандай сабалгандан калган тактар жок” деп. Калия болсо “мени тапанча менен сабашты” деп жатпайбы. Сот аткаруучулар тапанча көтөрбөй турганын ал билбегендиктен, ушинтип айтып жатат. Мен ал келин менен жолукканда аны аядым, себеби балдары менен оор турмушта жашайт экен. "Жашооңдун оордугуна карабай балдарыңды багып жатканың үчүн сага медаль бериш керек экен" дедим.
Бирок "окуянын чоо-жайын айтып берчи" десем, "мен эч нерсе чечпейм, менин прокурорум менен, тергөөчүм менен сүйлөшкүлө" дейт. Мен адамдын жеке прокурору боло тургандыгын ушул жашка келип укпаптырмын. Менимче, Калия Арабекованын артынан үйрөтүп жаткан адамдар бар. Таласта укук коргоочу болуп иштеген Арзыкан Момунтаева бардыгын үйрөтүп жаткандай. Ага барып жолуксак, “үй алып бергиле, анан тынчып калат” дейт.
Негизи, Калия Арабекова минтип тосмо арыз жазып жатат, “Мен Алыбаев Алтынбек менен урушуп кетип, жиним келгенинен зордуктады деп арыз жазып салгам. Баарын кечирдим. Кылмыш ишин токтотууну суранам” деп. Ушундан кийин 90 миң сом алган балдардан. Кийин 100 миң болду. "Ар бириңер 100 миңден бересиңер" деген талаптар да коюлганда "сот чечим чыгарсын" деген жыйынтык чыгып отурат.
Экспертизада Алтынбек Алыбаевден башкасы менен кошулбагандыгы жөнүндө тактоо жүрөт. А бирок Алтынбек танган жок, “ооба, болгонбуз, бирок зордуктаган эмесмин, өз көңүлү менен болгон” деп айтып жатат. Зордукталган, кордолгон аялдын денесинде так калат да.
Дагы бир айта кетчү жагдай, эми каршы тарап "болду, кечиришели, жарашалы" деп жатышат. Ушунча абийирибиз төгүлүп, Кыргызстанга жарыя болгондон кийин кантип кечиришебиз? Биз бул иштин аягына чыгабыз”,- деген оюн билдирди Коконбаева Зейнеп айым.
Эске салсак, Талас облустук сотунун Илгиз Карымбаев, Алтынбек Алыбаев жана Мукаш Кененсариев аттуу сот аткаруучулары өткөн жылдын 30-декабрында Калия Арабекованы зордукташканы тууралуу жабырлануучу билдирип, окуя коомчулукта талкууга алынган. Арабекованын айтымында, аталган сот аткаруучулар келиндин мурдагы күйөөсү алимент үчүн акча которгонун айтып, “алимент акчаңды ал” деген шылтоо менен үйүнө алдап чакырып, түнү бою зордукташкан. Бул окуя боюнча Талас шаардык милициясы кылмыш ишин козгогон. Зордуктоого шектелген сот аткаруучулар кызматтарынан бошоп, үй камагына чыгарылган. Мындан улам Арабекова өлкө жетекчилигине кайрылып, аталган адамдарды сот жообуна тартууну суранган. Ал эми 6-июнда жабырлануучу “мени зордуктаган балдар башкы акыйкатчыга "укуктарыбыз тебеленип жатат" деген мааниде кайрылуу жолдошуптур” деп билдирген.