Депутаттар Кыргызстандын гербин өзгөртүү керектигин кайрадан айтып чыгышты

Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев Кыргызстандын мамлекеттик гербин өзгөртүү сунушун кайрадан айтып чыкты. Депутат буга чейин да бул маселени көтөрүп, гербдеги ак шумкардын бутун сынга алган эле. 

Мен жыйынга келгенде дайыма залдагы гербди карайм. Буту сынгансып көрүнөт. Жыйындар залында гербдин үч түрдүү варианты илинип турат. Үчөө үч башка. Мен бул боюнча спикерге жана парламенттин аппарат башчысына кайрылдым. Келгиле, ак шумкардын бутун башкача жасаталы. Балким, ушунун айынан өлкөнүн иши кыймылдабай жаткандыр”,- дейт Абдылдаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан